Nokia 2730 classic - Карталар жана GPS

background image

Карталар жана GPS
Телефонуңузда ички GPS антенна жок. GPS байланышуусун талап кылган

тиркемелерди колдонуу үчүн, туура келүүчү сырткы GPS кабыл алгычын

(кошумча түзүлүш өзүнчө сатылат) колдонуңуз. GPS кабыл алгычын, Bluetooth

зымсыз технологиясын пайдаланып, телефонуңуз менен жуптаңыз. Көбүрөөк

маалымат алуу үчүн, GPS кабыл алгычынын колдонуучу жардымчысын көрүңүз.
Карталар тиркемеси колдоого сиз Глобалдуу турак табуу системасын (GPS)

пайдалана аласыз. Өзүңүздүн турган жерин таап же аралар жана тосмо

координаттардан ченем алыңыз.
Телефонуңузду сырткы GPS кабыл алгычы менен жуптагандан кийин, учурдагы

жайгашууну көрсөтүү үчүн бир нече мүнөт кетиши мүмкүн.
Глобалдуу Турак Табуу Системасы (GPS) АКШнын Өкмөтү тарабынан

башкарылат жана анын тууралыгына жана тейлөөсүнө жалгыз гана АКШ Өкмөтү

жоопкерчиликтүү. Жайгашуу маалыматынын тактыгы АКШ Өкмөтү тарабынан

GPS спутниктерине жүргүзүлгөн түзөтүүлөргө көз каранды жана бул түзөтүүлөр

АКШ Коргоо министирлигинин атуулдук GPS саясатына жана Федералдык

радионавигациялык планга жараша жүргүзүлүшү мүмкүн. Маалымат тактыгы

спутниктердин туура эмес геометриялык орундарынан да көз каранды болуп

өзгөрүшү мүмкүн. GPS сигналдары сиз жайгашкан жерден, үйлөр, табигий

тоскоол жерлерден улам же аба ырайынын кесепетинен жакшы жетпеши

мүмкүн. GPS сигналдар имараттардын ичине же жер астына жетпей калышы

мүмкүн, жана бетон менен метал окшогон заттардан өткөндө бузулуп калышы

ыктымал.
GPS аспаптары жайгашуу жерди так чыгаруу үчүн колдонулбашы керек жана сиз

турак табуу же навигацияда жалгыз гана GPS кабыл алгычынан жана уюлдук

радио тармактарынан келип түшкөн жайгаштыруу маалыматтарга ишенбей

жүргөнүңүз оң.