ПК колдонуу менен программа жаңыртуу
Программалык жаңылатуулар аспабыңызды сатып алган учурда жок болгон
жаңы өзгөчөлүктөрдү жана улантылган иш-милдеттерди камтыйт.
Программанын жаңылатуусу аспаптын иштөөсүн да кыйла жакшыртат.
Nokia Software Updater бул PC негизде иштеген тиркеме жана ал аркылуу сиз
аспабыңыздагы программаны жаңылатууга мүмкүндүк аласыз. Аспаптын
программасына жаңыртуу жүргүзүү үчүн сизге туура келген PC, кеңири тилкелик
интернет байланышы жана аспабыңыз PC туташтырган туура келген USB
маалымат кабели керек.
Кошумча маалымат алууга, жакынкы программа жаңыртуулардын чыгаруу
белгилерди жана Nokia Software Updater тиркемесин алуу үчүн www.nokia.com/
softwareupdate же жергиликтүү Nokia веб сайтына кириңиз.
Аспаптык программаны жаңылатууга төмөнкүнү иштеңиз:
1 Өзүңүздүн PC Nokia Software Updater тиркемесин жүктөп жана орнотуп
алыңыз.
2 Телефонуңузду USB кабели аркылуу ПКге туташтырыңыз, жана Nokia
Software Updater тиркемесин ачыңыз. Nokia Software Updater тиркемеси
файлдарыңызды, программаларды жаңыртууда жана файлдарыңызды
калыбына келтирүүдө жардамчы болуп берет.